ИНДИКАТРИСА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИКАТРИ́СА (лат. indicatrice – көрсөтүүчү) о п т и к а д а – жарык талаасынын мүнөздөмө­сүнүн (жаркырактык, полярлануу) же чөйрөнүн оптикалык чоңдуктарынын (чагылуу жөндөм­дүүлүгү, сынуу көрсөткүчү ж. б.) багытка көз карандылыгынын графикалык сүрөттөлүшү. Мис., полярланбаган жарык нуру нерсенин бе­тине түшкөндө, ар тарапка чачырайт. Чачыра­ган нурдун ургаалдуулугу чачыроо бурчуна көз каранды болот. И-ны алуу үчүн уюлдуу диаг­рамманын борборунан тийиштүү вектордун чоң­дугуна шарттуу масштабда туура келүүчү кесинди ченеп коюлат. Бул вектордун учу жаткан бет И. болот. Оптикалык изотроптуу чөйрө үчүн И. – сфера. И. бурчтук көз карандылыктын ана­лиздик туюнтмасы татаал же белгисиз болсо, о. эле экспериментте берилгенди системалашты­рууда пайдаланылат.