«ЖАШОО ДАРАГЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:55, 12 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ашшурна­сирпал IIнин ак сарайындагы ассириялык ре­льеф

«ЖАШОО ДАРАГЫ» (латынча arbor vitae) – алгач­кы коомдун космогониялык ой жүгүртүүлөрүнөн келип чыккан көркөм өнөрдөгү эң байыркы символдук мотивдердин бири; адам, жаныбар, куштардын тулкусунан турган дарак. «Жашоо дарагы» Байыркы Чыгыштын көркөм өнөрүндө сыйы­нуучу мааниге ээ болгон (883–859; Ашшурна­сирпал IIнин ак сарайындагы ассириялык ре­льеф). Бир аз кечирээк Адам менен Еванын «таа­нып-билүү» жана «жандандыруучу Крест» дарак­тары менен окшоштурулган (Хильдесхаймс собо­рунун коло эшиктери, 1015). «Жашоо дарагы» эл чыг­армачылыгындагы сүйүктүү мотивдерден болгон.