ЖАГДАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 12 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАГДАН – кийим, буюм, кездеме, кооздуктар салынчу үкөктүн бир түрү. Жагдан ар кандай кө­лөмдө, бышык жыгачтан жасалып, сыртынан булгаары менен капталган. Анын негизи, капка­гы ашык-машыктар (топсо) менен бириктирилип, ачылчу жагынын негизине, капкагына кулпулук бекитилген. Жагдандын бурчтары, четтери ка­лай, жез, алтын, күмүш, асыл таштар менен асем­делген.

И. Молдобаев.