ЖАЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:46, 13 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗ – кыш м-н жайдын аралыгындагы жыл мезгили. Жердин Түндүк жарым шарында жазгы күн-түн теңелүү мезгилинен (20- же 21-марттан) жайкы күн токтолууга (21–22-июнга) чейинки, Түштүк жарым шарда 23-сентябрдан 22-декабрга чейинки убакыт. Адатта Түндүк жарым шарда жаз мезгили – март, апрель, май, ал эми түштүктө – сентябрь, октябрь, ноябрь айларын кам­тыйт. Айрыкча жаз мезгили мелүүн алкактарда (абанын температурасынын көтөрүлүшү, кар катма­рынын ж-а агын суулардагы муздун эриши, өсүмдүк м-н жаныбар дүйнөсүнүн тиричилигин­деги өзгөрүүлөр ж. б.) ачык байкалат.