ЖАЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 13 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗА – кылмыш кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган адамга колдонулуучу мамлекеттик маж­бурлоо, ошондой эле коомдук мамилелерди коргоонун каражаты. Мурда адат укугу боюнча кыргыздарда өлүм, кун, айып, маскаралоочу жаза, денеге за­лал келтирүү, айыпкерди жабыр тарткан адам­дын же анын туугандарынын колуна берүү, кү­нөөкөрдүн бардык мүлкүн тартып алуу, элден кууп жиберүү ж. б. жаза колдонулган. Өлүм жа­засы кыргыздарда өтө эле чанда колдонулган. Жабыр тарткан жактын макулдугу боюнча кээде өлүм жазасы кун м-н алмаштырылган. КРдин мыйзамдарынын негиздеринде жаза кылмышкер­ди жазалоо гана эмес, аны оң жолго салуу, эм­гекке ак ниеттүү мамиле кылууга, мыйзамдар­ды туура, так аткарууга ж-а жашоо эрежеле­рин урматтоого тарбиялоо, кылмыш жасоонун алдын алуу максатын көздөйт. Жаза өлчөмү кыл­мыштуу ишке байланышкан бардык жагдайды, кылмышкердин керт башын, күнөөнүн деңгээ­лине жараша ж. б. жагдайларды эске алуу м-н аныкталат. Жазанын негизги жаза (эркинен ажы­ратуу, сүргүнгө айдоо, жер которуу, эркинен ажыратпаган түзөтүү эмгеги, кандайдыр бир бел­гиленген кызматта иштөө укугунан ажыратуу, кызматтан бошотуу, штраф, коомдук уяткаруу ж. б.) ж-а кошумча жаза (мүлктү конфискация­лоо, аскердик же атайын наамдан, ата-энелик укуктан ажыратуу ж. б.) сыяктуу түрлөрү бар.