ЖАЗГАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 13 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗГАК – Жалал-Абад облусунун Ноокен районун­дагы кыштак. Момбеков атындагы айыл округуна ка­раштуу. Бишкек – Ош автомобиль жолунун бо­юнда, деңиз деңгээлинен 620 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Масы кыштагынан 23 км батыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1963-жылы негизделген. Калкы 3238 (2022); негизинен талаачылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, тегирмен бар.