ЖАЙЫЛ БААТЫР
ЖАЙЫЛ БААТЫР , Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у (болжолу 1692–1779–80, Чүй өрөөнү) – солто уруусунун баатыры. Талкан бийдин небереси. Атасы Коңурбай дүйнөдөн кайткандан кийин атасынын бир тууганы Кошой бийдин тарбиясында калган. Кошой бий өлүп, кыргыздар Кетмен-Төбөдөн Чүйгө көчүп келгенде (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши) жалпы солто уруусун Кебек бий, солто ичиндеги талкан уругун Жайыл баатыр м-н Момокон бийлеген (1755– 56). К ыргыз-казак чабыштарына (1764–65-, нан 48 км түн. тарапта. Жалал-Абад теми ж. бекетинен 80 км. Кыштак 1905-ж. негизделген. Кал- 1769-, 1773-, 1779-жылдар) катышып (к. Абы- Жайыл баатыр. Р. Исаков тарткан сүрөт. кы 2515 (2007); негизинен токойчулукта, мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Май жуаз, тегирмен ж. б. ишканалар иштейт.
хандын кыргыздарга жортуулдары) баатыр
Ж. б. уулдары Үсөн, Теке, Итике ж-а Момокон баатыр м-н бирге Абылай хан башында турган казактардын акыркы чабуулунда (1779–80) Корготу суусунун жээгинде казактарга колго түшкөн. Момокон м-н Итикени казактын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап калган.
Калган уулдарына кошулуп, Ж. б. өлүм жазасына буйрулган. Кыргыздар көп жабыр тарткан бул кыргын Ж. б-дын өлүмүнө байланыштуу болгондуктан, кийин тарыхта Жайыл кыргыны деп аталып калган. Учурда Чүй обл-нун Калинин р-нуна Ж. б-дын ысымы ыйгарылып, эстелиги орнотулган.
Ад.: Жайыл баатыр: история современность и будущее. Материалы научно-практический конференции. Б., 2006; Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б. Жайыл баатыр. Т. 1, 2. Б., 2004–05. Э. Турганбаев.