ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:20, 13 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ Токтосун Тыныбеков атында, 1994-жылы уюшулган. 1997-жылы Т. Тыныбековдун ысмы берилген. Ан­да «Шапалак» куудулдар тобу‚ «Мөлмөлүм» оркестрдик-эстрадалык‚ «Нур»‚ «Азадабегим» этногр.-фольклордук жана бийчилер топтору бар. Филармонияда Ш. Талипова‚ Д. Молдо­баев‚ C. Жумалиев‚ К. Ашыралиев‚ А. Шайым­кулова сыяктуу таланттар эмгектенишет. Филармониянын алдына Т. Тыныбековдун ай­кели (скульптор К. Исаков) тургузулган.