ЖАЗДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 22 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗДОО – көктөм, жазгы жайыт. Жаз алды м-н тоо этеги, адыр-белес, дөңсөө-кыр сыяктуу жерлерге көк эрте чыгып, тез жетилет. Жер то­борсуп, оту 12–15 смге жеткенде мал жаздоого чыгарылат. Жазгы көк чөптө малга аш болумдуу азык заттар арбын болгондуктан, мал тез этте­нип, төл бат торолот. Жайлоонун чөбү жетилген­че жаздоо кеңири пайдаланылат, к. Жайыт.