ЖАЗДЫК ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 22 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗДЫК ӨСҮМДҮКТӨР – себилген жылы гүлдөп, түшүм берүүчү бир жылдык айыл чарба өсүмдүктөрү. Күздүк өсүмдүктөрдөн айырмала­нып, анын бир эле вегетация мезгили (жаз-жай) болот. Жазгы өсүмдүктөргө дан эгиндери (арпа, буудай, сулу, жүгөрү, шалы ж. б.), чанактуу, май алынуучу (күн карама, соя ж. б.), тоюттук бир жылдык чанактуу өсүмдүктөр, табигый дан өсүмдүктөрү,

Байыркы пиктографиялык жазуу. Пасха аралынан табылган байыркы Египет иероглифи.

булалуу өсүмдүктөр (гозо, зыгыр ж. б.) ж. б. кирет. Айрым өсүмдүктөр жаздык ж-а күздүк өсүмдүктөргө шарттуу түрдө бөлүнөт, себеби алардын ортосунда эки жолу эгилме деп атал­ган өтмө түрлөрү бар. Алар эрте жазда эгилип, түшүм берет. Жазда эгилип, ошол эле жылы түшүм берүүчү бир жылдык (мисалы, азык тамыр­луу өсүмдүктөр: сабиз, пияз, кызылча, шалгам ж. б.), көп жылдык (бир жылдык өсүмдүк ка­тары эгилүүчү, мисалы, кене дан, томат, тамеки ж. б.) өсүмдүктөр да жазгы өсүмдүктөргө кирет.