ЖАНКОРОЗОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:58, 22 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНКОРОЗОВА Алиман (1916-жыл, Ысык-Көл облусу, Түп району, Сары-Тологой кыштагы – 30. 12. 1993-жыл, Бишкек шаары) – драма жана кино артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти (1967). 1931-жылдан кыргыз радиосунда диктор, 1933-жылы Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма теат­рында актриса болуп иштеген. 1934-жылы Өзгөн колхоз-совхоз театрын уюштургандардын бири. 1937-жылдан Караколдогу Ысык-Көл облустук драма театрында, 1962-жылдан На­рын облустук музыкалык дра­ма театрында, 1973 - жылдан Кыргыз мамлекеттик

А. Жанкорозова «Ак илбирстин тукуму» тасмасында Сайкал эненин ролунда. Режиссёру Т.Океев. 1985.

академиялык драма теат­рында иштеген. А. Жанкорозова – театрда жана кинодо бүткүл ин­сандык, сүрөткер­дик кубаты менен башкы каарман­дардын образын түзүп, алардын ички сырын, кулк-мүнөзүн жөнөкөй, жетки­ликтүү даражада бере билген, турпаты улуттук колоритке каныккан актёр.

Театр­дагы негизги ролдору: Күлүйпа (К. Маликов, «Күлүйпа»), Бурма (Ж. Бөкөнбаев, «Токтогул»), Зулайка (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Ай­ганыш (К. Жантөшев, «Курманбек»), Жаңыл (К. Маликов, А. Куттубаев, «Жаңыл»), Агафья Тихоновна (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Жамийла (Ч. Айтматов, «Жамийла»), Тангабике (М. Ка­рим, «Ай тутулган түндө»), Сур эчки (М. Бай­жиев, «Байыркы жомок») жана башкалар. Кино тасмаларда эненин (режиссёру А.Алымбаев, «Тянь-Шань кы­зы»), Урумдун (Т. Океев, «Бакайдын жайыты»), Айымжандын (Б. Шамшиев, «Каргыш»), Сайкал эненин (Т. Океев, «Көк серек», «Ак илбирстин тукуму») жана башка образдарды жарат­кан. А.Жанкорозова «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар менен сыйланган.