ЖАНТУРИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:17, 22 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНТУРИН Нурмукан Сейитахмет уулу (22. 4. 1928-жыл, Казакстан, Гурьев, азыркы Атырау облусу, Махамбет кыштагы – 2. 5. 1990-жыл, Алматы шаары) – казак актёру, Казак ССРинин эл артисти (1966). Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр-көркөм сүрөт институ­тунун актёрлук факультетин бүтүргөн (1952).

М. Ауэзов атындагы Казак драма театрында (1952–1967, 1988- жылдан өмүрүнүн акырына чейин), «Казак­фильм» киностудиясында актёр (1967–1988) болуп иштеген. Негизги ролдору: Чокан Валиханов, Н. Жантурин – Аба­кир, К. Юсупжано­ва. – Калипа. Л. Ше­питько. « Аптап » фильминен кадр,1962. (Муканов, «Чокан Валиханов»), Кодар (Мусре­пов, «Козу-Көрпөч-Баян сулуу»), Яго (Шекспир, «Отелло»), Доктор (Назым Хикмет, «Унутулган адам») жана башкалар. Кино тасмаларга 1948-жылдан тар­тыла баштаган: Керимдин («Талаа кызы»), Аблайхановдун («Атамандын кыйрашы»), кыргыз киносунда Жоомарттын («Салтанат»), Тагайдын («Жоро»), Абакирдин («Аптап»), Танабайдын («Жаныбарым, Гүлсары») ролун аткарган. 1968-жылдан «Казакфильм» киностудиясында актёр. «Токой балладасы» фильмин режиссёру Цой Гук Ин менен бирге койгон (1972). 2 Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.