ЖАЗЫ (Өзгөн районундагы суу)
ЖАЗЫ , Я с с ы – Өзгөн районундагы суу, Кара- Дарыянын ири оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан (Шилбелүү ашуусунан батышыраакта, 3850 м бийикте) башталат да, Кемпир-Абат (Ажыян) суу сактагычына куят. Узундугу 122 км, алабынын аянты 2620 км2. Куймалары: Байбиче, Кара-Төбө, Беш-Терек, Улуу-Чат, Зындан-Суу, Салам-Алик, Кичи Кош- Булак, Көлдүк, Доңуз-Суу, Зергер, Жыл-Алды ж. б. Жылдык орточо чыгымы 34,2 м3/сек; эң көбү 418 м3/сек, эң азы 6,4 м3/сек. Марттын аягында кире баштап, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Өзгөн шаары, Мырзаке, Жыл- Алды, Ильич, Ак-Терек ж. б. кыштактар жайгашкан.