ЖАЗЫ (Өзгөн районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:27, 22 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАЗЫ to ЖАЗЫ (Өзгөн районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗЫ , Я с с ы – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жазы айыл округуна караштуу. Де­ңиз деңгээлинен 1030 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Өзгөн шаарынан 7 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 57 км. Калкы 2071 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.