ЖАЗЫ КОРУКЧАСЫ
ЖАЗЫ КОРУКЧАСЫ – Ош облусунун Өзгөн районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Жазы суусунун жайылмасында, Өзгөн шаарына жакын. Аянты 5 миң га. Жайылмалардагы камыш-чычырканактуу аймакты коргоо максатында 1975-жылы уюшулган. Анда кыргоол уялап, суучул канаттуулар кыштайт.