ЖАНТӨШЕВ
ЖАНТӨШЕВ Касымалы (1904-жыл, Ысык-Көл облусу, Түп району, Тепке айылы – 13. 8. 1968-жыл, Фрунзе шаары) – жазуучу, драматург, кыргыз профессионал адабиятын негиздегендердин бири, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1946),

Кыргыз эл жазуучусу (1968). Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүтүргөн (1930). 1934-жылга чейин Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатында методист, РайОНОнун башчысы, окутуучу болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик драма театрынын режиссёру, артисти, (1934–1946), режиссёр-коюучу (1946–1948), Кыргыз мамлекеттик басмасынын редактору (1948–1949), Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатында искусство боюнча башкарма начальниги (1949–1951), Кыргыз ССР Маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору (1964–1968) болуп эмгектенген. Ал чыгармачылык жолун драмалык чыгармаларды жазуудан баштаган. «Койчу»
(1922), «Түштө», «Биз комсомолецтер» (1927), Октябрь революциясына чейинки кыргыз аялдарынын кайгылуу тагдырын баяндаган «Карачач» (1929), «Алым менен Мария» (1930) пьесалары театр студиясында коюлган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде жана андан кийин жазган драмалык чыгармалары – «Өч», «Эл ырчысы», «Азоого чалма», «Каныбек», «Курманбек» жана башкалар.
Алгачкы көлөмдүү прозалык чыгармасы – «Эки жаш» (1938) повести. К. Жантөшевди жазуучу катары тааныткан чыгармасы – кыргыз адабиятындагы белгилүү чыгармалардан болуп калган «Каныбек» романы (1-китеби 1939-жылы, 2-китеби 1941-жылы; 3-китеби 1948-жылы чыккан; экинчи редакциясы 1957–1958-жылы жарык көргөн). «Каныбекте» кыргыз элинин 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башындагы экономикалык абалы, үрп-адаты, кыргыз жерине соода капиталынын айрым элементтеринин кириши, революциялык идеялардын тарала башташы жана башка окуялар эпикалык планда сүрөттөлгөн. Романдын баш каарманы Каныбектин образы романтикалык планда берилип, эзүүчүлөр менен күрөшү, тайманбастыгы жана өзү сыяктуу кедей-кембагалдарга кылган кайрымдуулугу, боорукерлиги көрсөтүлөт. Жантүшев. – «Хан-Теңирлик чабан» (1963), «Биздин секретарь» (1964), «Менин тагдырым» (1967) деген роман, повесттердин, «Адыл мерген», «Мендирман», «Чолпонбай», «Өнөрлүү балдар», «Кара шумкар» сыяктуу аңгемелердин, «Тилек», «Ашуу ашкан суу» сыяктуу илимий-фантастикалык повесттердин автору. Балдар үчүн аңгеме, жомокторду да жазган. Жантөшев табиятында акын адам болгон. «Бөлөлөр» аттуу ыр менен жазылган фельетону 1969-жылы 2-февралда «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитине жарыяланган. «Курманбек» драмасын да ыр менен жазган. К. Жантөшев котормочу катары да белгилүү. Н.Островскийдин «Болот кантип курчуду» романын, М. Лермонтовдун «Ашык Керибин» жана башкаларды кыргыз тилине которгон. Ал – кыргыз кино драматургия жанрын баштоочулардын бири. Айрым чыгармалары («Каныбек» романы жана башкалар) экрандаштырылган. «Каныбек» романы жана башка чыгармалары чет тилдерге которулган. Республикадагы айрым мектептерге, китепканаларга, көчөлөргө жана Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук драма театрына анын ысмы берилген. Айкели Ак-Суу районундагы Тепке айылына 1974-жылы тургузулган (скульптор А. В. Шестопал). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Суванбеков Ж. Касымалы Жантөшев. Ф., 1964; Абдылдабеков К. Сөз чебери. Ф., 1970; Күмүшалиев К. Касымалы Жантөшев. Ф., 1973; Жигитов С. Жаңычылык жолунда. Ф., 1975; Бектенов З. Замандаштарым жөнүндө эскерүү. Б., 1992; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004. И. Жумабаев.