ЖАНЫБЕКОВ 1
ЖАНЫБЕКОВ Алтынбек (15. 6. 1934-жылы туулган‚ Чүй облусунун‚ Аламүдүн району‚ Ала-Арча айылы) – композитор‚ Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1979)‚ Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995). М. Күрөңкөев атындагы

музыка-хореография окуу жайын (1957)‚ Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясынын теория-композитордук факультетин (1962) бүткөн. 1957-жылдан Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү. 1962–1965-жылдары Кыргыз CCР мамлекеттик радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде редактор‚ бир эле мезгилде Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыка-хореография окуу жайында окутуучу‚ 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент‚ профессор‚ 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору. А. Жаныбеков ар кандай жанрдагы 250дөй чыгармаларды‚ анын ичинен кыргыз музыкасынын тарыхында биринчилерден болуп фортепьяно жана оркестр үчүн концерт жазган. Чыгармаларында элдик музыкалык ыргактарды чебер пайдаланат. Көлөмдүү симфониялык чыгармалардын («Т. Cатылгановдун эстелигине»‚ «Ата журт»)‚ симфониялык поэмалардын («Д. Шопоковдун эстелигине»‚ «Менин Кыргызстаным»)‚ симфониялык сүрөттөмөнүн («Ак алтындуу айылда»)‚ симфониялык бийлердин‚ симфониялык увертюралардын‚ кантаталардын («Даңктан‚ Кыргызстан!»‚ «Кыргыз элине даңк!»)‚ сонаталардын‚ ырлардын‚ романстардын («Жаштар маршы»‚ «Түндө»‚ «Ак куу»‚ «Издейм сени» жана башкалар)‚ камералык-аспаптык чыгармалардын‚ хорлордун автору‚ спектаклдерге («Караш-Караш»‚ «Балдар бойго жеткенде») музыка жазган. Медалдар менен сыйланган.