ЖАПКАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:16, 22 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПКАК , ч а ң г ы – калың кардын үстү менен жүрүш үчүн бут кийимдин таманына байлануу­чу буюм. Ал ийилчээк ичке жыгачтардан ал­как сымал тегерек ийилип, ортосу чырпык, кайыш жип менен чарышталып жасалган. Жапкак. жасоого кээде жалпак жыгач да пайдаланылган.

Жапкак. Жыгач. Кайыш.

Анын чоңдугу чака оозундай болгон да, бир аз сүйрүрөөк келген. Жапкакты малчылар, мергенчилер тартынган.