ЖАПЫРЫК КӨРҮСТӨНДӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:19, 22 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПЫРЫК КӨРҮСТӨНДӨРҮ – эрте темир доо­рунан орто кылымга чейинки мезгилди камтыган археологиялык эстеликтер. Соң-Көлдөн 25–30 км түштүк-чыгыш тарапта Жапырык бөксө тоосунун эте­гинде жайгашкан. Эрте темир доорундагы кө­рүстөндөрдүн диаметри 30–50 м, бийиктиги 4–6 м. Тегерек дөбө көрүстөндөрдүн сыртына төрт чар­чы коргончо кылып таш тизилген. Көрүс­төндөрдүн күн батыш тарабында сегиз таш кор­гончо бар. Жапырык жергесинен маркумдун сөөгү менен кошо чопо идиштер, алтын сөйкө, чач учтук, шакек жана башкалар табылган. Эчкинин, жылкы­нын, сууда сүзүүчү канаттуулардын, багыштын аска бетине чегилген сүрөттөрү бар. Жапырык көрүстөндөрү шарт­туу түрдө Жапырык 1; 2; 3; 4; 5 деген бөлүктөргө бөлүнгөн. Жапырык көрүстөнүн 1980–1990-жылдары археолог К. Ташбаева изилдеген. Ушундай эстеликтерди Ат-Башы өрөөнүнөн, Алтайдан, Казакстандан кездештирүүгө болот.