ЖАРАМАЗАН
ЖАРАМАЗАН (фарсча ярамазан) – орозо (мусулман календары боюнча рамазан же рамадан) айында, асыресе, айдын экинчи жарымында түнкүсүн үймө-үй кыдырып ырдалуучу эски диний жана каада-салт ырлары. Жарамазанды илгери көбүнчө балдар, кээде чоңдор (демейде кедейлер) айтышкан. Жарамазан айткандар эки-үчтөн болуп алып үймө-үй, айылма-айыл кыдырып, үй ээсинин кадыр-баркын, ата-тегин, үй-бүлөсүн, мал-жанын мактап ырдашкан; ага ден соолук, байлык-бакыт, кармаган орозосунун кабыл болушу сыяктуу жакшы тилектерин билдиришкен. Жарамазан учурашуу, мактоо, суроо жана бата сыяктуу бөлүктөрдөн турган. Жарамазан туруктуу даяр ыр түрмөктөрүнөн туруп, ага айтуучу ырчылык жөндөмүнө жана ар кыл кырдаалга жараша алымча-кошумча киргизе алган. Жарамазан комуздун коштоосунда да аткарылат.