ЖАРГАК
ЖАРГАК – жүнү жыдытылып, ашатылып, ийленген тери. Ал кой-эчкинин, кийиктин терилеринен ийленип алынат. Жаргактан эркектердин шымдары, өтүк, маасынын кончтору, кол кап тигилген, ат жабдыктын кээ бир бөлүктөрү жасалган. Жаргак үй-тиричилигинде супура катары колдонулган.