ЖАРГЫЛЧАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 22 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРГЫЛЧАК – дандан талкан, угут жана башкаларды тар­тууга ылайыкталган кол тегирмен. Жаргылчактын ас­тыңкы жалпак ташы тегеренбейт, анын так ор­тосундагы көзөнөгүнө кагылган катуу жыгач же темир шимеги болот. Шимек жаргылчактын үстүңкү ташынын ортосуна кирип, анын бир окто айла­нышын камсыз кылат. Тартылуучу дан ши­мектүү көзөнөккө ууч менен салынат. Жаргылчак үстүнкү бетинин бир жак четиндеги көзөнөгүнө кагыл­ган жыгач туткасы аркылуу кол менен айланды­рылат. Тартылган дан анын алдына салынган супурага түшүп турат. Жаргылчакты аялдар жана балдар тарткан. Учурда жаргылчак сейрек колдонулат.

1 – ү стүңкү ташы ; 2 – астыңкы ташы; 3 – шимеги; 4 – туткасы; 5 – көзү.