ЖАРГАРТ МРАМОР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 22 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРГАРТ МРА́МОР КЕНИ Талас р-нунда, Та­лас ш-нан 80 км чыгышта, деңиз деңг. 2800– 3500 м бийикте жайгашкан. 1985-ж. Кенташ эмес заттарды геол. чалгындоочу Кыргыз экспе­дициясы издөө-баалоо иштерин жүргүзгөн. Мра­мор жогорку рифей мезгилинде пайда болгон. Доломиттүү, жашыл түстүү, тилкечелүү, өтө кооз. Орт. тыгыздыгы 2,72 г/см3, көзөнөктүүлүгү 1,19%, суу сиңирүүсү 0,16%, кургак абалда бас­кандагы бектигинин чеги 110,7 МПа, сууга ка­ныккан абалында – 101,7 МПа, жешилүүсү 1,23 г/см2. I ж-а IV топтордогу блоктордун чы­гышы 11,21%, даяр такталардын чыгышы – 5,3төн 9,2 м2/м3 чейин. С категориясы б-ча запасы – 740 миң м3.