ЖАРЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 22 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЧЫ – Улуу Октябрь революциясынан мурда Орто Азия элдеринде, анын ичинде кыргыз элинде да хан, бек, болуш сыяктуу жергиликтүү башкаруучулардын буйругун, жардыгын эл кыдырып, чогулган топ­ко жарыялоочу киши. Жарчы аш-той же кыз-оюну башталарда анын тартиби, жүрүшү, көрсөтүлүү­чү оюндун түрү, байгеси жөнүндө жарыя кылган. Ошондой эле жок жоготкондо да (мал, буюм жана башкалар) жарчы атайы эл аралап, жар салган. Жарчы элге адат­та ырдап, жамактап, кээде кара сөз менен кай­рылган. Кийинчерээк анын милдетин көбүнчө ырчылар аткарып, ошондон улам аш-тойго бай­ланыштуу айтылган жарыя кээде көркөм чы­гарма деңгээлине жеткен учурлар болгон. Жарчы өз доорунда карым-катнаш, байланыш жасоодо чоң милдет аткарган.