ЖАРМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 22 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРМА – талкандан жасалган суюк тамак. Арпа, буудай, жүгөрү талкандан, акшактан, актаган таруудан же коноктон жасалат. Жарманын бир нече түрү бар. Кайнаган сууга талкан (ак­шак) чалып, 25–30 мүнөт бышырып, илеби кайт­канда туз татытып, ак (сүт, айран, сүзмө, эзил­ген курут) катыктаса, к а т ы к т а л г а н жарма аталып, ысык же муздак ичилет. Катыксыз жалаң талкандан жасалса к а р а жарма, сүткө акшак чалып, суу кайтарып бышырса, с ү т с о р п о Ж., ачыткы куюлуп, азыраак ун чалынып, ачытылганы а ч к ы л Ж. же максым делип, суусундук катары ичилет. Ж. талкандын түрүнө жараша таруу Ж., буудай Ж., арпа Ж. деп да бөлүнөт. Ж-ны аш болумдуу мүнөз тамак катары жыл бою ичсе болот.

С1–1415 миң м , С2– 842 миң м . Чопонуку В – 207 миң м3, С –128 миң м3.