ЖАРМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:15, 22 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРМА – талкандан жасалган суюк тамак. Арпа, буудай, жүгөрү талкандан, акшактан, актаган таруудан же коноктон жасалат. Жарманын бир нече түрү бар. Кайнаган сууга талкан (ак­шак) чалып, 25–30 мүнөт бышырып, илеби кайт­канда туз татытып, ак (сүт, айран, сүзмө, эзил­ген курут) катыктаса, к а т ы к т а л г а н жарма аталып, ысык же муздак ичилет. Катыксыз жалаң талкандан жасалса к а р а жарма, сүткө акшак чалып, суу кайтарып бышырса, с ү т жарма, нак сорпого жасаса, с о р п о жарма, ачыткы куюлуп, азыраак ун чалынып, ачытылганы ачкыл жарма же максым делип, суусундук катары ичилет. Жарма талкандын түрүнө жараша таруу жарма, буудай жарма, арпа жарма деп да бөлүнөт. Жарманы аш болумдуу мүнөз тамак катары жыл бою ичсе болот.

С1–1415 миң м , С2– 842 миң м . Чопонуку В – 207 миң м3, С –128 миң м3.