ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ
ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айыл округунун курамында. Деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Кара-Көл шаарынан 6 км түндүк тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 74 км. Калкы 1971 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.