ЖАЗЫК КОДЕКСИ
ЖАЗЫК КОДЕКСИ – кылмыштуу аракеттер коомдук коркунуч болуп саналарын аныктоочу ж-а аларды жасагандыгы үчүн жаза өлчөмдөрүн белгилөөчү чаралардын жыйындысы; КР ЖК кабыл алган нормативдик акты. Жазык кодекси эки бөлүктөн турат. Ж а л п ы бөлүгүндө КР Жазык кодексинин милдеттери, принциптери ж-а жоопкерчилик негизи; бул кодекстин колдонулуш чектери; кылмыш түшүнүгү ж-а түрлөрү; жазык жоопкерчилигине тартылуучулар; күнөө ж-а анын түрлөрү; жаза түшүнүгү, максаттары ж-а түрлөрү; жаза белгилөөнүн негиздери; медициналык мүнөздөгү мажбурлоо ж. б. чаралар камтылган. Ө з г ө ч ө бөлүгүндө кылмыштардын түрү так аныкталып, алардын белгилери ачылып көрсөтүлөт. Кылмыштардын тигил же бул бөлүмдөн орун алышы, алардын тектеш объектисинин бирдей экендигин түшүндүрөт.