ЖАРЫК ШАҢЫ
ЖАРЫК ШАҢЫ (с в е т о т е н ь) – объектинин үстүнкү бетинин түспөлү, өзгөчөлүгү менен шартталган көлөмдү жана рельефти көз менен кабылдоого мүмкүнчүлүк берген жарык жана көлөкө жерлеринин бөлүштүрүлүшү. Живописте жана графикада жарык шаңы нерсенин көлөмүн жана жарык аба катмары менен курчалган чөйрөнү кабылдоого мүмкүнчүлүк берген ар түрдүү түстөрдүн же бир эле түстүн оттенкаларынын бөлүштүрүлүшү. Жарык шаңынын градациясы (эң ачыктыктан аябагандай караңгылыкка чейин) жарыктандыруунун мүнөзүнө, нерсенин көлөм өзгөчөлүгүнө, түспөлүнө, атмосферанын абалына байланыштуу. Жарык шаңына байыркы дүйнөнүн живописчилери да кайрылган. Жарык шаңы жана анын теориясы Кайра жаралуу доорунун чеберлери (өзгөчө Леонардо да Винчи) тарабынан иштелип чыккан. Ошондон бери чыгарманын эмоциялык таасирин күчөтүү максатында колдонулат.