ЖАРЫМ АВТОМАТ
ЖАРЫМ АВТОМА́Т – өз алдынча толук бир жумушчу циклди аткарып, сырттан кийлигишүү циклди кайталоо үчүн гана талап кылынуучу машина. Мисалы, металл кесүүчү жарым автомат станок сом темирди иштетүүнүн бардык циклин аткарып, станоктун механизмин баштапкы абалына келтирет, ал эми сом темирди орнотуу, станокту иштетүү жана иштетилген тетикти алууну жумушчу тейлейт. Кошумча атайын түзүлүштү колдонуу менен жарым автоматтын иштөө циклин толук автоматташтырууга болот.