ЖАРЫЯЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:44, 23 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫЯЛОО , п у б л и к а ц и я (латынча publico – эл алдында жарыялоо) – басма сөз, телекөрсөтүү, радио уктуруу, маалымат агенттиги жана башка ка­ражаттардын жардамы менен окуя, көрүнүш, жа­ңылыктардын таркатылышы. Басма ишинде – мезгилдүү эмес жыйнак, адабий чыгарма же се­риялуу басылма; гезит-журналдарда материал­дарды басып чыгаруу процесси. «Жарыялоо» термини эл арасында басма сөз же башка маалымат ку­ралдарынын (мисалы, үн жазуу жана башкалар) көчүрмөлөрүн сатуу жана таркатуу иши менен да байланыштырылган.