ЖАСАЛМА БУЛГААРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 23 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА БУЛГААРЫ – ар түрдүү кийим, галантерея жана техникалык буюмдарды жасоодо таби­гый булгаарынын ордуна колдонулуучу поли­мер материал. Жасалма булгаарынын төмөнкүдөй түрлөрү чыгарылат: жумшак, бут кийим резиналары, галантерея жана бут кийим картону. Бут кийим резиналары негизинен бутадиен-стирол каучу­гунан алынып, бут кийимдин такасын, тама­нын жана башкаларды жасоодо колдонулат. Бут кийим жана галантерея картону булалуу материалдан алы­нат. Негизги сырьё катары целлюлоза, кебез булалар, табигый булгаарынын майдаланган калдыктары пайдаланылат. Жумшак жасалма булгаары кез­деме, согулган материал, кагаз, түрдүү булалар­ды резина желими же латекс, поливинилхло­рид пастасы, полиамид жана башка плёнка пайда кы­луучу заттар менен иштетүүдөн алынат.