ЖАСАЛМА ЖИБЕК
ЖАСАЛМА ЖИБЕК – химиялык жол менен алынган була. Химиялык булалар жасалма (айнек, вискоза, ацетат буласы) жана синтездик (капрон, лавсан жана башкалар) болуп айырмаланат. Алгачкы целлюлозадан жасалган буланы англиялык химик Кросс 1892-жылы алган. Ал вискозалуу жана ацетаттуу болуп бөлүнөт. Экөө тең табигый целлюлозадан, негизинен жыгачтан же пахта тыбытынан өндүрүлөт. Синтездик була сыяктуу эле жасалма жибек ар кандай жоондукта, кыска же штапелдүү була, ошондой эле узун кездеме жиби түрүндө даярдалат. Жаңы синтездик булалар пайда болсо дагы, жасалма жибек азыркы убакытка чейин текстиль өнөр жайында колдонулууда.