ЖАШЫТУУ
ЖАШЫТУУ – чыңалган металлдын (мисалы, болоттун) түзүлүшүн өзгөртүү үчүн ар кандай температура менен да иштетүү. Жашытуу процесси төмөндөгүдөй жүрөт: металл кандайдыр бир температурага чейин ысытылып, белгилүү бир убакытка чейин кармалат да, андан кийин муздатылат. Жашытуунун натыйжасында металл каалагандай механикалык касиетке ээ болуп, ички чыңалуусу жоюлат. Жашытуунун бир нече түрү болот: 500–560°Сге чейин ысытылса, жогорку температуралык жашытуу деп аталып, машина курууга керектелүүчү тетиктер же аспаптык болоттор үчүн колдонулат; 150–250°Сде жашытуу – цементтелген, циандалган көмүртектүү жана легирленген болотто ички чыңалууларды азайтуу максатын көздөйт; 350–475°Сде жашытуу – пружина жасоодо пайдаланылат. Бир нече ирет жашытуу менен курч болоттон аспаптык болот алынат.