ЖАИЛОВ
ЖАИЛОВ Жумабек (26. 8. 1955-жылы туулган, Чүй облусу, Москва району, Предтеченка айылы) – экономика илимдеринин доктору (2002), профессор (2007). Айыл чарбасын пландаштыруу боюнча адис. КМУну бүткөн (1977). Кыргыз ССР ИА ЭИде илимий кызматкер (1977–89), Кыргызстан КП БКда кеңешчи (1989–91), «Кыргызагробизнес» борборунун гендиректору (1991–95), КРдин экономика министрлигинде бөлүм башчы (1996), КРдин Өкмөтүнө караштуу тышкы экономикалык байланыштар агентчилигинде эксперт (1996–97), 1997-жылдан КРдин Өкмөтүнө караштуу экономикалык стратегиялар борборунун директорунун орун басары. «Реформа» аттуу эл аралык илимий-экономикалык журналдын башкы редакторунун орун басары. 47 илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Производительность аграрного труда: резервы ускорения. Ф., 1989; Углубление аграрной реформы и проблемы развития агро-бизнеса (авторлош). Б., 2000; Развитие аграрного сектора в условиях реформирования. Б., 2002.