ЖЕБИЛГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:22, 23 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕБИЛГЕ (к и с т ь) – сүрөтчүнүн живопись техникасынын түрдүү талаптарына атайын ың­гайлаштырылган эң маанилүү аспабы. Жаса­лыш материалына карай жебилге катуу (жоон кыл­дуу), жумшак (күзөн, кашкулак, эчки, тыйын-чычкандын терисинен узатасынан жасалган жана башкалар); формасы боюнча – жалпак жана тегерек, уч­туу жана шуштугуй эмес; кылынын узундугуна карата – кыска жана узун болуп бөлүнөт. Жебилгенин көлөмү станок живописи үчүн 24кө чейин жет­кен, көбүрөөк жуп сан менен белгиленген атайын номер жана аталыштар (мисалы, Флейц) менен берилет, гравюрада өзгөчө зым жана айнек жебилгелер колдону­лат. Кээде (көбүнчө графикада) «жебилге» термини ат­карылыш ыкмасын (мисалы, кургак) көрсөтөт.