ЖЕКЕСАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:46, 23 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕКЕСАН – 1) кыргыздардын коңгуроо сымал тилдүү байыркы музыкалык аспабы. Жекесандын конус түрүндө жасалган түрү кеңири тараган. Анын бүлдүргүсү‚ тили илинүүчү бүтүн жагы түбү‚ ачык жагы оозу деп аталган. Тулкусунун бийиктиги 70– 120 мм‚ калыңдыгы 3–4 мм. Ал жезден‚ темир­ден‚ колодон жасалган. Добушу бийик болуп, көч баштаган төөнүн моюнуна тагылган; 2) баа­тырлар кийүүчү бийик такалуу кооз өтүк. Кол башчыларды же аскер башчыларын айырмала­ган чин белгиси болгон.