ЖЕЛАРГЫ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:51, 23 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛАРГЫ КӨРҮСТӨНҮ – эрте темир дооруна таандык 22 көрүстөндөн турган археологиялык эстелик. Бишкек-Балыкчы жолунун 108 кминде, Чүй суусунун сол тарабында жайгашкан. 1974-жылы ар­хеолог В. П. Мокрынин изилдеген. Үч көрүстөн­дө маркумдардын сөөктөрү ички дубалы таш менен кыналган чуңкур көрлөргө, калганы жөнө­көй көрлөргө коюлган. Сөөктөрдүн жанынан карапа идиштер, акак шурулар, коло күзгү жана бычактар табылган. Маркумдардын антропологиялык түзүлүшүндө европеоиддик да, монголоиддик да белгилер бар.