ЖЕЛБИРӨӨЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:53, 23 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛБИРӨӨЧ – кыз-келиндердин моюнга арта салып, төшкө түшүп турган көркөм зер буюму. Өтө мыкты шөкөттөлгөн Желбирөөчтүн сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, бетине асыл таштар чөгөрүлүп, эки учунда күмүш зымдар менен чын­жырланган же торчолонгон бир нече сеңселме тал-­тал чачысы төгү­лүп турат.

Ага жу­муруланган сүйрү жука темир или­нип, сырты күмүш зымдар менен жик­сиз торчолоно кы­напталат. Андан да кайрадан жо­горудагыдай кү­мүш зымдар чын­жырлана чыгып, араларына шуру тизилип, тө­мөнкү учтарына сүйрү жука күмүш кулакчын­дар түшүп, түйүлүп турат. Анын эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу же жүрөк­чө түспөлдөгү зер жасалгасы эки канаттын чын­жырланган күмүш зымдары аркылуу биригет.