ЖЕЛДЕТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:59, 23 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЛДЕТҮҮ , в е н т и л я ц и я – (латынча ventilatio – желдетүү) – имаратта абанын алмашуусун жөн­гө салуу; адамдын ден соолугу үчүн таза абаны пайда кыла турган жабдууларды, курулуш има­раттарын, материалдарды, азык-түлүктөрдү жана башкаларды сактоону камсыз кылып, технологиялык талап­тарга жооп берүү чарасы. Желдетүү төмөндөгүдөй бөлүнөт: агып келүүчү, соруп чыгаруучу, агып келүүчү жана соруп чыгаруучу, жалпы, табигый, механикалык агып келүүчү Желдетүүдө имараттын ичине таза аба берилет, ал эми абанын сыртка чыгуусу ашыкча басымдын пайда болушунун негизин­де, ар түрдүү жылчыктар, эшиктер аркылуу ишке ашырылат. Соруп чыгаруучу желдетүүдө – аба има­раттардан желдеткичтер аркылуу чыгарылып, натыйжада аба суюлгандыктан, эшиктен жана имараттын жылчыктарынан сырттагы аба ки­рет. Агып келүүчү жана соруп чыгаруучу желдетүүдө – аба бир эле убакта имараттын ичине кирги­зилип жана сыртка чыгарылып турат. Жалпы желдетүүдө – бардык жайларда бирдей температура, аба­нын тазалыгы жана кыймылы сырттан кирген таза аба аркылуу камсыз болот. Жергиликтүү өндүрүш жайларында чектелүү мейкиндикте талапка ыла­йыктуу абаны пайда кылат. Абадагы зыяндуу аралашмалар атайын шкафтар, зонттор жана башка түзүлүштөр аркылуу кармалып, сыртка чыгары­лат. Табигый желдетүү. – аба имаратка терезе, ар түрдүү жылчыктар жана көңдөйлөр аркылуу кирет жана андан температуранын айырмасы (ички жана сырткы абанын тыгыздыгынын айырмасы) же шамал аркылуу сыртка үйлөтүлөт. Механикалык желдетүү – электр желдеткич менен ишке ашырылат. Өнөр жай имара­тындагы өндүрүштүк зыяндуу заттар (чаң, буу жана газ) чаң тоскуч камералар, чыпкалар, түзүлүштөр аркылуу тазаланат.