ЖЕЛЕ
ЖЕЛЕ – 1) кулун тизип, байлоого ылайыкталган ыкма. Ал кыл аралаштырылган жүндөн жоон эшилип, үч-төрт катталып чыйратылат. Узундуг 15–20 м келет. Желенин эки учу эки казыкка байланат. Ар кайсы жерине аралыгын бир м жыгач (арча, четин, кайың) тээктүү чыкта бекитилет. Бир желеге 15–20 кулун байланат; 2) туу куйруктан жасалган бир нече кылтакты өтө жүйүр бекитип, бышык жиптен же кылдан чыйратылып жасалган илбээсин кармаш үчүн аңчылык куралы. Муну к ы л т а к желе же т у з а к желе деп да аташат. Желе 5–6 же 10–15 көздүү (кылтактуу) жасалат. Ал көбүнчө кекилик, чил, каракур, бактек жана жапайы көгүчкөн, айрым учурда улар, жапайы каз, өрдөктөргө урунт жерге тартылган; 3) катуу жыгач, сөөк, темир жана болоттон жасалган бөрү тил кайырмак байланган балык кармоочу курал. Анын

боосу да кылдан кабатталып жасалган. Кайырмак жок кезде желени суу түбүнө тартып балык кармашкан. Балык кармоого анча оңтойлуу болбогондуктан, желе кылдарынын учуна түрдүү кайырмактар байлана баштаган. Муну да желе деп аташкан. Анда 20дан 50гө чейин кайырмак болот. Желени ышкыбоз балыкчылар гана эмес, балык өндүрүшүндө да балыктын айрым түрүн тандап кармоо үчүн колдонот.