ЖЕНТЕК
ЖЕНТЕК – бала төрөлгөндө өткөрүлчү той. Ж. той башка тойлордой белгилүү бир күнгө чакырылган эмес. Балалуу болгон кишинин жакындарына бала төрөлгөнүн кабарлап жаштар, көбүнчө балдар сүйүнчүлөшүп, белек (сүйүнчү) алышкан. Сүйүнчү айтылган ж-а Ж жегени келген киши алгач көрүндүк бео. Эле
р

ип, баланы көргөн. Келген адамдарга, кошуна-колоңдорго Ж. үчүн күн мурунтан камдалган сары май (карын май) бузулуп, мал союлуп, тамак-аш тартылып, Ж. берилген. Ж. той аяктарда (2–3 аптадан соң) жентектөө башталган. Балалуу болгон ата-эне м-н куда-сөөк, туугандар, көңүлү жакын жакшы санаалаш адамдар наристеге кийим, буюм, мал энчилөө м-н жентектеп, баланын ата-энесине белек-бечкек беришип, алардын кубанычын тең бөлүшкөн.
А. Көчкүнов.