ЖЕҢЕ
ЖЕҢЕ – 1) кыргыздын туугандык расымында өзүнөн улуу тууганынын аялын кичүүлөрү ызааттап аташы. Агасынын аялын ини-карындаштары, келиндери жеңе деп айтышат. Жеңенин үй-бүлө ичиндеги абалы өзгөчө болгон. Үй-тиричилигиндеги иштерди негизинен жеңе бүткөргөн. Кайын сиңди, кайнилер өздөрүнүн ички сырларын алгач жеңесине билдирип, акылдашкан, ошондой эле кыз берүү каадасын толугу менен аткарган. 2) Уруктун бардык кичүүлөрү агаларынын аялдарын жеңе деп аташат. Таякесинин аялын таажеңе дешет. 3) Жалпы эле өзүнөн улуу кишинин аялына кайрылуу. А. Көчкүнов.