ЖАЙЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:39, 23 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЛОО – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Жайлоо ички ж-а сырткы болуп бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу, сырткы жайлоого алыс­кы бийик тоолордогу (Ысык-Көлдүн сырты) жайыттар кирет. Жайлоонун чөбү жагымдуу ж-а сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, орга­низми чың болот. Жайлоодо негизинен бетеге, шы­бак, доңуз сырты, тулаң ж. б. ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кар­малат. Кыргызстандын жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500– 3000 м бийиктикте орун алган, мисалы, Ак-Сай,

Суусамырдагы Чоң-Корумду жайлоосу.

Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр ж. б. Би­йик тоо арасы төр, ат жайлоо делет. Жайлоолордун чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, мисалы, ат жайлоолордо гектарынан 1,1 цден 14,9 цге чейин, бөксө тоолуу жайлоодон 5,3–18,3 цден чөп алынат. Жайлоо чөбү өсүп, сабак байлардын астында малга жегиликтүү, гүлдөп баш алганда күчтүү келет. Бөксө жайлоолордогу 1 ц кургак чөптө 45–80 тоют бирдиги, 7–10 кг сиңимдүү белок болот. Жайлоо чө­бүндө иод аз. Жайлоо ар кандай бийиктикте болгон­дуктан, бийик тоолуу жайлоого кой, бөксө тоолорго уй м-н жылкы жаюу сунуш кылынат.