ЖЕҢИШ ПАРАДЫ
ЖЕҢИШ ПАРАДЫ – Улуу Ата Мекендик согушта (1941–1945) СССРдин Германияны жеңгенинин урматына 1945-жылы 24-июнда Москвада өткөн аскер парады. Ага Карел, Ленинград, 1-Прибалтика, 3-, 2-, 1-Белорус, 1-, 4-, 2-, 3-Украин фронтторунун, Коргоо эл комиссариатынын, АДФтин, аскер академияларынын, аскер окуу жайларынын жана Москва гарнизонунун бөлүктөрү, аба күчтөрүнүн бириктирилген эскадрильялары катышкан.

Аскер бөлүктөрү менен бирикмелеринин тууларын көтөргөн фронт жана армия командачылары, Советтер Союзуну Баатырлары Жеңиш парадынан өтүшкөн. Жеңиш парадына К. К. Рокоссовский командалык кылган, Г. К. Жуков кабыл алган. Параддын аягында жеңилген немис-фашист аскерлеринин тууларын Мавзолейдин алдына алып келип ташташкан. 1995-жылы 9-майда Москва шаарында юбилейлик Жеңиш парады өткөн. Парадга В. Л. Говоров командалык кылган, В. Г. Куликов кабыл алган. Жеңиш туусун М. П. Одинцов көтөргөн. Бул парадга Кыргызстандан да согуш ардагерлери катышкан.