ЖЕҢИШ ЧОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 23 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИШ ЧОКУСУ – Теңир-Тоодогу, ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы эң бийик чоку. Как­шаал тоо тизмегиндеги Чоң Ак-Тоо тоосунда жайгашкан. Бийиктиги 7439 м. Чоку бүт кар, мөңгү менен капталган.

Кыргызстандын эң бийик жери – Жеңиш чокусу.

Төбөсү тайпак, плато сымал. Не­гизинен силурдун сланец тектеринен турат. Би­йиктиги 1943-жылы аскер топографтары тарабынан аныкталып, Советтик Армиянын фашисттик Герма­нияны жеңишинин урматына аталган. Чокуга алгачкы жолу 1956-жылы 30-августта В. Абалаков жетектеген советтик альпинисттер чыккан.