«ЖУМУШЧУ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛӨР СОЮЗУ»
– Совет бийлигин орнотуу жылдарында Түндүк Кыргызстанда уюштурулган алгачкы профсоюз уюму. Ал башында «Кол өнөрчүлөр уюму» катары 1917-жылы апрель айында Пишпек шаарында түзүлгөн. Анын максаты ошол кездеги жаңы (пролетардык) саясатка ылайык союз мүчөлөрүнүн кесиптик кызыкчылыгын коргоп, алардын санын жана аң-сезимин жогорулатууга багытталган. Бул союзга негизинен шаардык жумушчулар, кол өнөрчүлөр жана Чүй сугат тармагында иштеген курулушчулар кирген. Союз большевиктерге Совет бийлигин орнотууда чоң таяныч болгон.
Ад.: Семёнов В. П., Борьба большевиков Киргизии за власть Советов. Фр., 1962.