ЖЕР ИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 23 Май (Бугу) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ИШТЕРИ – жер казуу, тегиздөө, тыгыз­доо, казылган топуракты жүктөө же көтөрүп, жылдырып керектүү орунга коюу. Жер иштеринин максаты – жер кыртышынан инженердик курулуш (плотина, темир жана автомобиль жолдору, ка­нал, траншея жана ушул сыяктуу) куруу, имарат жана куру­луштун негизин түптөө, курулуучу имараттар­дын ордун тегиздөө, ошондой эле пайдалуу кен чыгуу­чу жайлардын үстүнкү бетин ачуу. Ачык ыкма менен кен казып алууга байланышкан жер ииштери тоо жумушуна кирет. Жер иштери ачык (жер үстүндө), жер асты жана суу асты болуп бөлүнөт. Жер иштерин атка­руу курулуш машиналары (экскаватор, бульдо­зер, казып-шилегич машина, грейдер, трактор, дүмүр казгыч, бадал кырккыч, ылай соргуч жана ушул сыяктуу), ошондой эле гидромеханикалаштыруу кара­жаттары жана жардыруу ыкмасы менен ишке ашы­рылат. Жер иштеринен мурда даярдоо иштери – куру­луш аянтындагы майда дарактарды кыркуу, таштан арылтуу, дүмүр казуу, жол салуу, жер астындагы суунун деңгээлин азайтуу жана ушул сыяктуу жумуштар жүргүзүлөт.