ЖАЙНАКОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 23 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙНАКОВА Айнек (10. 11. 1940-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тосор айылы) – адабият­чы, филология илимдеринин кандидаты (1985), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). 1964-жылы КМУнун филология факультетин, 1968-жылы аспирантурасын бүтүргөн. 1969- жылдан Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунун (азыр Ч. Айтматов атындагы тил ж-а адабият институту) Манас бөлүмүндө кызматкер. «Семетей» эпосунун тарыхый генеалогиялык негизи (1962) аттуу эмгеги манас таануу илиминдеги тарыхый са­лыштырма ыкмада жаралганы м-н баалуу. Ал «Семетей» эпосунда чагылдырылган доордун мүнөзүн ж-а андагы генеалогиялык циклдештирүү прин­цибинин өзгөчөлүгүн изилдөөгө арналган, эпос­тогу байыркы элементтердин, жомоктук, ми­фологиялык катмарлардын орун алышы фактылык материалдар м-н бекемделген. «“Сейтек” – «“Ма­нас”» үчилтигинин корутунду бөлүмү» (1984) мо­нографиясында «Сейтек» эпосунун «Манас» үчилтигиндеги орду, мааниси, тема, идея, образ­дар системасы талданат. Салттуулук м-н жеке айтуучулук чеберчиликтин карым-катышы сы­яктуу ар кыл маселеге арналган жүздөгөн макаланын автору. Ошондой эле С. Каралаевдин ва­рианты боюнча «Манастын» 1-томун, «Сейтекти» (Р. Кыдырбаева м-н бирге) түзүп, баш сөз жаз­ган. Эки томдон турган «Манас» энциклопе­диясынын авторлорунун бири. С. Каралаевдин варианты боюнча «Манастын» (4 китеп) ж-а «Се­метейдин» (4 китеп) академиялык басылышын түзүүчү ж-а адис редактору.