ЖАЙПУР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 23 Май (Бугу) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙПУ́Р – Индиянын түндүк-батышындагы шаар. Ражастхан штатынын административдик борбору. Ара­валли тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 431 м би­йиктикте жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Ири жол тоому. Же­ңил (кебез кездеме), химия, цемент, айнек-кара­па, электр-техника өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, пилдин сөөгүн ж-а ташты чегелөө) өнүккөн.

Хава-Махал ак сарайы. 18-кылыммдын 2-жарымы.

1728-ж. негизделген. Сарай комплекси (бакчасы, бассейни ж-а Чандра-Махал ак сарайы м-н), Жантар-Мантар обсерваториясы, Хава-Махал ак сарайы («Шамалдар сарайы», 18-кылымдын 2-жа­рымы; анын фасадында 953 терезе бар) сак­талган.